Сен мени коё бербе...

Жытынды жыттап, чыккым келбейт кучагындан. Сен мени коё бербе макулбу? Эртен эшик кагып бийлик келет. Асмандын башын чапчып, коктогу алтынды алып берем дейт. Ал колдун кири. Эртен байлык келет. Башындан аягына чейин алтын куям ааламды алдына жаям дейт. Доолот тоголок. Тоголонуп кетет. Эртен пери келет. Кумардын туу чокусуна чыгарып, болуп корбогон ырахат тартуулайм дейт. Бат кызарган тез онот. Эртен кыйынчылык келет. Чамчаркытын чыгарам. Баш ий, ийил мага дейт. Ал отот. Эртен олум келип, колун сунуп кеттик дээр сен кетпе. Жашоо турдуу кырдаал сунуштайт. Сынайт сени. Кучагымда мага муктаж бироо бар де. Жашоонун манызын менден коргон жарым де. Наристече колтугумда жашынып менден куч топтогон суйуктуум де. Сен мени коё бербе, бекем кыс, макулбу?

Комментарии