Чындык

Ар бир адамдын жан дуйносундо, болгондо да тээ тупкурундо кузгусу бар. Ал дайым чыркыраган чындыкты коргозот. Бирок адам баласы чындыкка тике караганды жактырбайт. Чычалайбыз. Кызыл чеке болуп, коргубуз келген оздук чындыгыбызды далилдоонун аракетиндебиз. Кези келсе кулагыбызды жапырып алабыз. Кереги жогун бир кулактан киргизип, экинчи тешигинен чыгарып жиберебиз. Бизге чындык жакпайт! Чындыкка баш ийдик дегиче эле, уят, абийир, намыс деген немен чучугуна жеткире кемирип коёт. Ошол ачууга, кирээрге тешик таппай, бетибиздин кызарганына чыдоо кыйын бизге. Чындыкты жетелеп, анын ызгаарына туруштук беруудон коркобуз. Андан коро калпты жетелеп, бетке бет кап кийип, чындыкты коз корбогон, кулак укпаган жерге тыгып, бекитип салганыбызды дурус коробуз. Эй, чындык, чыгардым сени зындандан! Кенен бас! Кериле бас! Калп мактоолорго, душмандын таттуу созуно толгон козуубузду да, кокурогубузду тазала! Чыныгы жузубузду коргоз! Королучу кандай экенибизди! Бет кап бетибизге жабышып, чындыкка ыктап баратат. Чеччи! Жалгандан дем алсынчы бул дене! Сыйрып салчы! Жалгандан айрылып ачышсын! Куйсун! Орттонсун! Жалындасын! Жалбырттасын! Маа демек куйуп, кул болуп сапырылсын! Тек отунучум чындыкты бер! Чыркырат! Чындыкты жалынына кактаналы, куйкаланалы! Калптын жыргалынан коро чындыктын кууралы ойдо турсун! Эй, чындык, кел биздин жашоого!

Комментарии